• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Марс Бөдөшев бычак кайдан пайда болгонун билбей турганын айтты

28 Жетинин айы 2018 12:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.11.2018.Govori.TV.
Бурулайдын иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшев сурак берүүдө. Ал сурак учурунда Бурулай Турдаалы кызы менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып, ошол күндү мындайча эскерди:
— Бизди Сосновкадагы посттон РОВДга алып келди. Башында баарыбызды бир бөлмөгө киргизишти. Анан кайра экөөбүздү сыртка чыгарды. Мен Бурулайга кирип, сүйлөшүп чыгайын деп сурансам эч ким уруксат берген жок. Эшик ачык туруптур, кирдим. Ошол убакта бирөө сөгүнүп өтүп кеткен. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин.
Марс Бөдөшев адвокаттын суроолоруна жооп берип жатып, анын жанында бычак болбогонун, анын кайдан пайда болгонун билбей турганын айтты.

Эске салсак, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Количество просмотров: 54