Бүгүн, 11-декабрь тоолор күнү. Кыргызстандын аймагынын 75% тоолор ээлейт. Ɵлкөнүн бүт аймагы деңиз деңгээлинен 500 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. БУУда кабыл алынган эл аралык тоо күнү жөнүндө чечимдин тарыхы да Кыргызстандан башталат. 2002-жыл Кыргызстандын сунушу боюнча дүйнөдө Эл аралык тоо жылы болуп жарыяланган. Ошол жылы октябрда Бишкекте биринчи тоо саммити өтүп, Бишкек тоо платформасы кабыл алынган. Ошондон кийин БУУ 11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялаган.
Кыргызстандагы өзгөчө тоолордун сүрөттөрүн сунуштайбыз:
Баткен облусунун Самаркандык айылынан 18 чакырым батыш тарабында, Шадымир өзөнүндө Сары-Тоо жайгашкан. Топурактын түрдүү түстө болушу адамдын көңүлүн бурат.
Кыргызстандын да Grand Canyon аймагы бар. Ал Коңорчок дарыясынын аймагында жайгашкан. Бул коньондор миңдеген жылдар бою суу менен шамалдын күчүнөн пайда болгон.
Көк-Жерти коньону туристтердин эң жакшы көргөн жери. Ал өзүнүн кооздугу менен арбап турат.
Ачык асман алдындагы Саймалуу-Таш. Ал Жалал-Абад облусунун Казарман айылына жакын жерде орун алып, 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул жерде 90 миңдей петроглифтер бар
Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасы Терскей Ала-Тоо тоо кыркасынын борбордук бөлүгүнөн түштүктү карай жайгашкан.
Урчук-Таш аймагы жер кыртышынын тектоникалык жылууларынан улам пайда болгон. Кызыл-тазыл өңү аны башкалардан айырмалап турат.
Урчук-Таштын геологиялык катмарынан байыркы деңиздердин калдыктарын, сейрек кездешкен геоморфологиялык ландшафтарды көрүүгө болот.