• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары митингге чыгары айтылды

1 Кулжа 20219:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн, 1-июнда Улттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына митингге чыгат. Бул тууралуу 31-майдын түнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулгандар билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Количество просмотров: 546