Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин бүгүн, 25-ноябрдагы жалпы жыйынында талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.
Солтонбекованы бул кызматка премьер-министр сунуштап, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдогон.
Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында мындан тышкары, «Өлкөнүн 2020-жылга карата бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.
Ошондой эле «2021-жылга карата жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууга киргизилет.