• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бүгүндөн тарта маршруткалар Чүй проспектиси менен каттабай турган болду

18 Бештин айы 2023 15:00 Бишкек Govori.TV

Эми маршруткалар Чүй проспектиси менен каттабайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүндөн тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө — Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн участоктогу кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда.

Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде: №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104. , № 164, № 222, № 135, № 192, № 166, № 258, № 243, № 138, № 176, № 199, № 179, № 260, № 211, № 185, № 250, № 254, № 285, № 111, № 216, № 134, № 202, № 208, № 227, № 143, № 129. жана № 240.

Количество просмотров: 125