Кыргызстандын Улуттук банкы 18-мартка карата валюталар курсу боюнча жаңыланган маалыматты жарыялады.
Ага ылайык:
доллар (USD) — 87,39 сом;
евро (EUR) — 95,11 сом;
рубль (RUB) — 1,02 тыйын болду.
Коммерциялык банктарда доллар 86,99 сомдон сатып алынып, 87,48 сомдон сатылууда, ал эми рубль орточо 1 сомдон сатып алынып, 1,03 сомдон сатылууда.