• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Баасы дээрлик 456 млн сом. Түптө жаңы мектеп куруу пландалууда

27 Бугу 2024 11:33 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, аталган курулушка тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жарандык курулуш департаментинин облустук башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Жаңы мектеп 750 окуучуга ылайыкташтырылып курулмакчы. Сметалык баасы 455 млн 828 миң 172 сомду түзөт.

Сынактык арыздарды берүүнүн мөөнөтү 10-июнга чейин.

Количество просмотров: 68