• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

15 мектеп үчүн спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлору иштелип чыкты 

24 Чын куран 2024 12:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекбашкыархитектуранын адистери Октябрь районунда жайгашкан 15 мектептин спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлорун иштеп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоорго волейбол, баскетбол, футбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирет.

Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабылат.

Долбоор ошондой эле фонтандарды, спорт залдарды, кечки жарыктандырууну жана сырткы дааратканаларды камтыйт.

Спорт аянтчаларынын долбоорлору иштелип чыккан мектептердин тизмеси:
— №14 орто мектеп;
— №60 орто мектеп;
— №91 мектеп-гимназиясы;
— №88 К.Бобулов атындагы орто мектеби;
— №79 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
— №62 мектеп-гимназиясы;
— №3 орто мектеп;
— №56 орто мектеп;
— №64 Бекнур Абдырахманов атындагы мектеп-гимназиясы;
— №17 А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясы;
— 6-кичиорайону 4/1 дарегиндеги № 39 мектеби;
— Скрябин көчөсү, 52 — Матросов көчөсү, 64/1 дарегиндеги № 37 мектеби;
— №26 мектеп-гимназиясы;
— №63 Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясы;
— №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернаты.

Теги:
Количество просмотров: 76