• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет

25 Чын куран 2024 17:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 25-апрелде, Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун — капсуланы салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат.

Салтанат Мамлекет башчыларына кыргыз жана азербайжан тилдеринде төкмө акындардын салам айтуусу менен башталды.

Андан кийин Президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты. Президенттер келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүшүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти.

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу кабинетине ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

Количество просмотров: 107