• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Байсалов жумушчу сапары менен Нарында жүрөт

31 Үчтүн айы 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө ал Нарын облустук китепканасынын иши менен таанышып, мекеме кызматкерлери менен эмгек акыны төлөө шарттары маселесин талкуулады.

Ошондой эле Эдил Байсалов Нарын облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынга катышат.

Мындан тышкары, бүгүн Ат-Башы райондук аймактык ооруканасына баруусу пландаштырылган.

Количество просмотров: 165