Эдиль Байсалов өз кызматынан кетерин билдирди. Ал бул тууралуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөн эл аралык симпозиумда айтты.
Анын айтымында, ал 4,5 жыл бул кызматта иштеп, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
«Мен бул кызматта 4,5 жыл иштедим жана кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Расмий маалымат түштөн кийин жарыяланат», — деди ал.
Байсаловдун билдирүүсү тартылган видео айрым ЖМКларда жарыяланды.