• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кымылы үчүн ачылды

21 Кулжа 202411:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Буга байланыштуу автобустардын каттамдары убактылуу өзгөртүлдү:

  • №6 автобус — Анкара көчөсү, 7-Апрель көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Байтик-Баатыр көчөсү, Масалиев көчөсү, Малдыбаев көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
  • №52 автобус — Юнусалиев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Байтик-Баатыр көчөсү, Масалиев көчөсү;
  • №49 автобус — Малдыбаев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Масалиев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү;
  • №152 автобус – Байтик баатыр көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү
Количество просмотров: 129