• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бакировдун мыйзамы баарына жаккан жок…

1 Бирдин айы 2019 15:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

Депутат Мирлан Бакиров кайрадан бакылдады. Эске салсак, буга чейин  ак көйнөк тууралуу кеп козгоп коомчулуктун сынына калган эле. Дуулдаган элдин сынынан тайсалдап, ооз учунан кечирим дагы сураганга үлгүргөн. Эл өкүлү бул жолу да көпчүлүктүн көңүл чордонунда.

Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамдары жөнүндөгү» мыйзам долбоорун сунуштап, элдин сүрүнөн чочулап артка кайтарып алды. Эл өкүлүнүн сунушуна көз жүгүртсөк , ЖК спикерине, премьер-министрге,  а түгүл алардын үй-бүлөсүнө кол тийбестик укугун берүүнү сунуштаган мыйзам экен.

Мыйзам долбоору менен таанышып чыккандар  экс-президенттерди, премьер министрлерди жана спикерлерди  мамлекеттин эсебинен өмүр бою каржылоо каралгандыгын какшап айткандары менен эл өкүлү актангандын эле ичинде болууда.

 Каалагандар чийкилигинен улам Мирлан Бакиров артка чакырып алган мыйзам долбоору менен таанышып көрсө да болот. Биздин оюбузча,  ак көйнөк менен даңаза болгон эл өкүлү өзү деле ойлонуп отурса керек. Таң калыштуусу, эл өкұлұ жаза турган мындан башка зарыл маселе жок беле? Айтор, түкүрұктөн улам ачуусун тыя албай турган калктын жинине эл єкүлү кайрадан тийип алды.

 Чындап келгенде мигранттардын алардын балдары тууралуу алардын социалдык маселелери тууралуу маселе козгосо болбойбу? Же сөзсүз эле эл өкүлүнүн көтөрүп чыга турган маселеси экстердин социалдык ал абалына байланыштуубу? Айтор,  калкты эзип кеткен экстерге,  учурунда өз дооронун сүргөн премьер жана спикерлерге арналган мыйзам  долбоору каржалып жашаган калкка жаккан жок Жагымпоздуктун дагы чеги бар…

Количество просмотров: 20