• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

ОСАГО мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн өзгөртүү сунушталды

17 Үчтүн айы 2019 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ОСАГО жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдырууну сунуштады. Ал бул мыйзамда талаштуу маселелер бар экенин, бул коомдо нааразылыктарды жаратышы мүмкүн экендигин айтты.

“ОСАГО жөнүндө мыйзамдын ишке киришүүсүнө аз эле убакыт калды. Эгерде мыйзамда кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга жетише албаса же тийиштүү шарт жок болсо, анда аны кийинкиге калтыруу керек. Биз анын күчүнө кирүү мөөнөтүн мурда да 2019-жылга чейин узартып бергенбиз. Ошондуктан, анын күчүнө кирүү мөөнөтүн эми 2021-жылга жылдыруу зарыл”, — деди спикер.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов жарандардын жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн жарым жылга – 2019-жылдын 1-июлуна чейин узартуу тууралуу пикирин билдирген.

Количество просмотров: 16