• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Баламсыз кантип жашайм?». Аквапаркта сууга чөгүп кеткен баланын апасы үн катты

7 Кулжа 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча үн катып, Instagram баракчасына билдирүү калтырды.

«Менин балам классы менен «Ала-Тоо» аквапаркына кеткен. Ал жакта балдар менен эки ата-эне жана куткаруучулар болот дешкен. Бирок балам сууга чөгүп кетти. Дароо «Тез жардам» чакырышкан эмес, мен ал жакка 15 мүнөттөн кийин келген соң гана «Тез жардам» кызматы келди. Мен эми баламсыз кантип жашайм? Анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Уулум бир айдан кийин 10 жашка чыкмак…», — деп жазды ал.

Эске салсак, 6- юнь күнү «Ала-Тоо» аквапаркына №95 мектептин 3-класстагы окуучусу чөгүп кеткени маалымдалган. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түздү. Окуянын чоо-жайын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат.

Количество просмотров: 5757