• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баласын тепкен атанын жазасы жеӊилби?

7 Бештин айы 2017 10:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊештин депутаты Махабат Мавлянова (Республика-Ата-Журт) эки жаштагы баласын топтой текилеген адамга карата колдонулган берене жеӊил болуп калганын Жогорку Кеӊеште айтып чыкты.

«Аталган факты боюнча  234-берене же  «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Бул ага карата колдонула турган берене эмес»-дейт эл өкүлү. Махабат Мавлянованын айтуусуна караганда аталган үй-бүлөдө Б. Адиевдин үйүндө зомбулук буга чейин дагы болуп турган, ошондуктан анын жоопкерчилиги мындан катаалыраак жаза менен каралышы керек.

Депутат ошондой эле өткөн жылы зомбулук боюнча 842, ал эми быйылкы жылдын он айында 862 факты  боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. «Булар ачыкка чыкканы гана» дейт эл өкүлү.

Количество просмотров: 7