• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балбан Исмаилов коло байге алды

13 Аяк оона 20229:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.

Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты.

Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов Грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип коло байгенин ээси болду.

Теги:
Количество просмотров: 146