• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балдарга берилүүчү жөлөк пулду көтөрүү пландалууда

30 Аяк оона 202517:24 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пулдун көлөмүн көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу министрликтин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы «Кабар» агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча 16 жашка чейинки 192 миң 218 бала, же 53 миң 680 үй-бүлө жөлөк пул алат.

«Бүгүнкү күндө бир балага 1200 сомду түзөт. Алыскы жана тоолуу райондордо жашаган балдар үчүн башка коэффициент каралган. Ошондой эле биздин министрлик тарабынан жөлөк пулдун өлчөмүн 1500 сомго чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Учурда ал башка түзүмдөр менен макулдашуу процессинен өтүп жатат», — деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 129