• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат: Кыргыз элине болгон душмандык, «пособиеден» башталат»

13 Кулжа 2022 12:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айгул Айдарова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберди Базарбаевге суроо менен кайрылып, балдарга бериле турган жөлөк пулдун айрым себептер менен берилбей жаткандыгы туура эмес деп белгиледи.


Баткенге барган жолугушууда калктын 90 пайызы ушул суроону берип жатышат, мен ошону сизге берейин деп жатам. Күйөөсү москвада болсо, жөлөк пул ала албайт. Сиз ошого кандай карайсыз? Ушул чынбы же жалганбы?


Бул суроого министр жарандын кайсы жакта иштээри мааниге ээ эмес. Эң башкысы кирешенин канчалык экендиги каралаарын белгиледи.


«Атасы, апасы канча каражат табаары эске алынат. Айрымасы жок ал Орусиядабы же башкабы?»,-деди министр.


Мындай жооп эл өкүлүнүн жинин келтирди.


«Өз мекениңде кыйраткан жумуш жок болуп, Орусияга же башка жака барып, үй-бүлөөсүн багып жаткан жарандардын балдарына жөлөк пул бербей коюу туурабы?,-деп зекиди.
Мындай көрүнүштүн туура эместигин белгилеген депутат, министрдин туура түшүндүрүүгө аракет кылган сөзүнө «биз туура түшүнүп атабыз. Элге түшүндүрүп коюңуздар»,-деди.


Мындан сырткары «кыргыз элине болгон душмандык, «пособиеден» башталат»,-деп кошумчалады.


Бул маселе боюнча, аталган мекеменин башчысы мындай көйгөй бар экенин белгилеп, эл менен жолугушуу учурунда түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Количество просмотров: 3964