1-сентябрга чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39 чакырымынан 42-чакырымына чейин аралыгы, тагыраагы Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү курулуп жаткан жаңы темир жолунда бургулоо-жардыруу иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Жабылуу графиги:
Аталган күндөрү тилке 24 саатка жабылат.
Калган күндөрү жол каттам ачык болот.
«Жумуштар күнү-түнү жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, аталган тилке дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү күнү-түнү жабык болот болот. Башка күндөрү аталган жолдун бөлүгү ачык болот. Мындай чечим жаңы темир жолдун курулуш жумуштарынын жүрүшүн ылдамдатуу максатында кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.