Балыкчы шаардык колледжинин жетекчилиги мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирген.Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы Балыкчы шаардык колледжинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
«Текшерүүдө, 2018-жылы колледждин директору Б.Г. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу имараттын 3-кабатын жана жер тилкесин “А.Д.” ЖЧКсына төмөн баада 5 жылга ижарага берүү тууралуу келишим түзүп, бирок белгиленген ижара акы дагы колледждин кассасына кириштелбей, мамлекетке 2 млн 83 миң 905 сом зыян келтирилгендиги аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.