• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда электр жабдыктары сакталган кампа өрттөндү

28 Теке 202111:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында электр жабдыктары сакталган кампа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы 27-июлда саат 19:00 чамасында Балыкчы шаарындагы кампа күйүп жатат деген маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.»Саат 19:12 четөөгө алып 19:29 толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан кампанын ичиндеги электр жабдыктары толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 438