12-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары узундугу 75,2 чакырымды түзгөн Барскоон-Каракол унаа жолун реконструкциялоону каржылоо боюнча келишимди ратификациялоону колдошту.
Келишимде Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 22,5 миллион доллар грант жана 87 миллион доллар өлчөмүндө 32 жылга, анын ичинде 8 жыл — 1% жеңилдетилген мөөнөт менен, жеңилдетилгенден кийин 1,5% менен насыя берет деп болжолдонууда. Долбоорду ишке ашырууга министрлер кабинети 27,54 миллион доллар бөлөт.
Курулгандан кийин Барскоон-Каракол жолу төрт тилкелүү болуп, ар бир тилке туурасы 3,5 метрди түзөт.
Долбоордун алкагында тротуарлар, аялдамалар, көчөлөрдү жарыктандыруу, ирригациялык арыктар, ошондой эле көпүрөлөрдү реконструкциялоо, эс алуучу жайларды, анын ичинде электромобилдерди кубаттоочу жайларды орнотуу каралган.