• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин имаратында оңдоп-түзөө иштери кандай жүрүп жатат? (сүрөт)

10 Теке 202513:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июлда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин имаратында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты.

Азыркы тапта Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы толугу менен жаңыртылууда. Ошону менен катар 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея мамлекети менен жетишилген макулдашууга ылайык, парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалууда.

Мындан тышкары, парламенттин теле жана радио студияларындагы жаңылоо иштеринен да кабар алган Нурланбек Тургунбек уулу жумуштардын жай жүрүп жатканын сынга алып, тездетүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле төрага жалпы Аппарат кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарт-жагдай тууралуу да сөз кылып, анын ичинен чарбалык иштер менен алектенген Иш башкармалык сапаттуу жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтүшү керектигин эскертти.

«Парламенттин иши депутаттарга гана эмес, Аппараттын ар бир кызматкерине көз каранды. Андыктан кызматкерлерге керектүү шарттарды түзүү менен катар, алардын жоопкерчилигин да жогорулатуу маселесине тыкыр көңүл бурушубуз кажет»,- деп кошумчалады төрага.

Алсак, борборубуздун чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 275