1-декабрдан баштап Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Мурда Баш мыйзамдын 72-беренеси эл өкүлдөрүнө башка кызматта иштөөгө тыюу салса, эми андай эмес. Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министр, вице-премьер-министр боло алат. Ошол эле учурда депутаттык мандатын дагы сактап калат.
Бул мүмкүнчүлүк менен алгачкылардан болуп “Бир Бол” фракциясынын депутаты Аскар Шадиев пайдаланганы калды. Бүгүн парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Сапар Исаков биринчи вице-премьерлик кызматка Аскарбек Шадиевди сунуштап, депутат отун-энергетика тармагын тейлей тургандыгын, бул жаатта анын тажрыйбасы бар экендигин айтты.
Ошентип Аскар Шадиев вице-премьерлик кызматты аркалап, депутат катары пленардык жыйында добуш бере алат. Эгер кызматтан кетсе, кайра депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берет.
Бирок Аскар Шадиев айлыкты кайсы жактан алаары белгисиз бойдон калууда. Бул маселени комитет жыйынында депутат Исхак Масалиев көтөрүп чыкты. Чындыгында ушул маселе чечилбей калыптыр. Ошондуктан кошумча мыйзам кабыл алыш керек деди эл өкүлдөрү.