• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Баш ооруткан Баш мыйзам. Серепчилердин Конституциянын жаңы долбоору боюнча пикири

3 Жалган куран 2021 15:40 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карап жатат. Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган. Буга байланыштуу серепчилер эмне дейт?

Саясат таануучу Айданбек Акматовдун айтымында, 6-чакырылыштын депутаттары референдумду дайындоого, Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоого укугу жок.

Айданбек Акматов

«Ар кандай Конституциялардан көчүрүлүп, акыркы варианты оңдолуп келди. Ноябрь айындагы долбоор менен азыркынын айырмасы бар. Бир дагы депутат бул Баш мыйзамга демилгечи эмес, алар президенттик аппарат тараптан сунушталган долбоорго кол коюп беришкен. «Окубай туруп кол коюп беришкен» дегендин чындыгы бар. Ошондуктан «эмнеге мындай?» деп түшүнөн чочугандай болуп жатышат. Баш мыйзамды кабыл алууда чоң маселелер кала берет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин мөнөөтү октябрь айында бүткөн. Алардын өтө маанилүү маселелерди кароого моралдык укугу жок»,-деди Акматов.

Ал эми саясий серепчи Эмил Жороев башынан эле мыйзамдык талаада башаламандык орун алганына токтолду.

Эмил Жороев

«Менимче, Конституциялык реформаны башынан эле чалды-куйду кылып алганбыз. Азыр депутаттар кайсы тепкичке келгенибизди, мындан ары ким кандай иш аракет кылышы керектигин өздөрү түшүнбөй калды. Соттошсо сот деле билмек эмес. Анткени бизде мыйзамдык талаадагы башаламандык орун алды. Башынан демилгелеген топтун аты жөнү аталган жок. Конституциялык кеңешме эч нерсеси жок ишке киришти. Ошондуктан депутаттар долбоордун маани-маңызын талкуулаганы келгенде, аларга айтып жатышат Конституциялык кеңешме даярдап койду деп. Бүгүн эле Дастан Бекешев депутаттар долбоордун үтүрүн дагы өзгөртө албаганын айтып чыкты. Жалпы көз карандысыз бааларды уксак, берилген долбоордун өтө чоң кемчиликтери бар. Бул долбоор сөзсүз түрдө коомдук талкууга салынышы керек. Аны мазмунуна карабай, 11-апрелге үлгүрүп калышыбыз керек деген максатта камчылап жатышпайбы. Бул оюнчук эмес да»,-деди Жороев.

Жогорку Кеңештин мурадгы депутаты Исхак Масалиев парламент Референдумду даярдоо жана өткөрүү мыйзам долбоорун колдоп берет деген пикирде. Анын айтымында, негизи Баш мыйзамдын кабыл алынышынын жол-жобосу туура эмес.

Исхак Масалиев

«Баш мыйзамдын кабыл алынышынын жол-жобосу туура эмес деген пикирди башынан эле айтып келе жатам. Конституциялык өзгөртүүлөр менен толуктоолорду мындай кабыл албайт. Биринчи демилге чыгарган 80 депутат Конституциянын жаңы долбоорун ноябрь айында сунуштаган. Аны кийин Конституциялык кеңешме түп тамыры менен таптакыр башкача кылып, жаңы вариантта алып келди. Демек, аны демилгечилер кайрадан демилгелеши керек. Долбоорду кайра сайтка жарыялап, 80 депутат кол коюп, талкууласа болот. Мыйзамда эгер кайсы бир долбоор чыкса, 1-окууда ошол кейпи менен кабыл алынып, анан гана өзгөртүү менен толуктоолор киргизиле турганы жазылып турат. Бүгүн толук жыйынтыкталган долбоор каралып жатат. Бул долбоор эмес, бир гана Конституциялык кеңешменин пикири. Мыйзамды чыгарууга, долбор сунуштоого депутаттар таанымал укукта. Булар мыйзамды одоно түрдө бузуп, одоно иш кылып жатышат. Азыр референдум боюнча мыйзам долбоорду киргизебиз деп жатышат. Менимче депутаттар колдоп берет. Байкасаңар айрым депутаттардын үстүнөн кылмыш иштери козголуп, бизди камайт деп калчылдап отурушат»,-деди Масалиев.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Количество просмотров: 76