• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Теректердин ордуна дөңгөчтөр. Ысык-Көлгө бараткан жолдун азыркы абалы (сүрөт)

2 Бугу 2024 18:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштери 1-апрелден тартып башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда башкы подрядчы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы техникаларды, жабдууларды жана кызматкерлерди мобилизациялоо, бактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө. Корумду айылынан баштап Балбай аыйлына чейин өскөн бак-дарактар түп тамыры менен кыйылыптыр.

Жаратылышты коргоочулар жол жээктеринде алды кеминде 60-70 жылдан бери турган бак-дарактарды кыюу абанын бузулушуна алып келерин айтып, кабатырлыгын билдиришүүдө.

Жергиликтүү тургандар отун чогултуп кышка эрте эле даярдык көрүшүп кубанып жаткан чагы.

Автомобиль жолу Ысык-Көл районунун Корумду айылынан башталып, аягы Түп районунун Балбай баатыр айылын камтыйт. Маршрут 17 калктуу конуштар аркылуу өтөт.

Министирликтин маалыматында бак-дарактарды кыюуну кырдаалдан келип чыккан аргасыз чечим катары кароого болот.

Белгиленгендей, долбоордо жолду жашылдандыруу каралган, кыйылган бактардын ордуна 1:3 пропорциясында жаңы бак-дарактар отургузулат.

Бак-дарактарды кыюу жол кырсыгын азайтуу максатында болуп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан да билдиришти. Малаамытака ылайык, облуста 2022-жылдын 10 айында 334 жол кырсыгы катталса, мунун ичинен 19,4% же 65 учуру жол жээгиндеги бак-дарактарды сүзүп, кырсыкка учурагандар болуп эсептелет.

Облустук ИИБинин жүйөөсүндө жол жээктеги бак-дарактар айдоочулардын көрүүмүмкүнчүлүгүн гана чектебестен, кышкысын жолдордо муз тоңууга алып
келип жол коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Количество просмотров: 555