• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура: Атамбаевдин көрсөтмөсү маанилүү

2 Баш оона 2019 19:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.08.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевге байланыштуу көрсөтмөсү тергөө үчүн абдан маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, ИИМ Атамбаевди аталган кылмыш иши боюнча үч ирет суракка чакырган. Бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшмөйүнчө суракка барбай турганын айткан. Ал ошондой эле тергөө менен компромисске барып, кызматташууга даяр экенин, бирок тергөөчүлөрдүн суроолоруна кат түрүндө жооп берүүгө макулдугун билдирген.

«Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн жаралган маселеде тергөө органдары менен компромисске келүү сунушу учурда иштеп жаткан кылмыш-процессуалдык мыйзамды түздөн-түз бузууга жатат», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын тараткан маалыматында суракка алынган башка аткаминерлер «Атамбаев окуя тууралуу кенен билет» деп көрсөтмө беришкени жазылат. Андыктан анын көрсөтмөсү абдан маанилүү. Ал эми Конституциялык палатага кайрылуу тергөө амалдарынын токтоп калышын шарттабайт. Мындан улам башкы көзөмөл орган мурунку президенттин келип суроолорго жооп берүүсү максатка ылайык деп эсептей турганын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия Атамбаевдин тиешеси бар деп тапкан алты иштин бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Количество просмотров: 26