• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура «Бир Бол» менен «Замандаш» мыйзам бузганын билдирди

21 Аяк оона 2020 12:20 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура 21-сентябрда шайлоо мыйзамынын сакталышы боюнча ишти улантып жатканын жарыялады.

Анын жүрүшүндө «Бир Бол» партиясынын атынан талапкер катары катталган жаран Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу экени аныкталганын билдирди. Муну менен консулдукта иштегендердин саясий ишке аралашуусуна тыюу салынган мыйзам бузулганын маалымдады.

Башкы көзөмөл органы мыйзам бузууларды жоюу боюнча Тышкы иштер министрлигине кат жолдогон.

Мекеменин маалыматында «Замандаш» саясий партиясынан Кадамжай райондук аймактык шайлоо комиссиясына мүчө болгон адам жергиликтүү Социалдык фонддун башчысы экени аныкталганы да айтылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы менен Социалдык фонддун жетекчилигине маселенин мыйзамга шайкештигин карап чыгып, чечим кабыл алуу сунушталган.

«Бир Бол» жана «Замандаш» партиялары Башкы прокуратуранын маалыматына азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

Количество просмотров: 3802