• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Дары-дармектер департаментиндеги коррупциялык схема аныкталды

2 Бирдин айы 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар Департаментинин (мындан ары — Департамент) ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам актыларынын бир-бирине дал келбегендиктеринен жана мыйзамдагы кетирилген мүчүлүштүктөрүнөн улам, медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда көрсөтүлгөн Департаменттин баардык тармактарында тутумдук коррупциялык схема аныкталып, жыйынтыгында алардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизгендиги аныкталган.   

Мындан тышкары, Департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо жана экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдошуп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген Департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу  фактылары боюнча 8 материал КЖБРге катталып, азыркы учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Башкы прокуратуранын мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү 4 сунуштары караштуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан каралып, тартиптик жоопкерчиликке 4 кызматкер тартылып, анын ичинен 1 кызматкер жумуш ордунан бошотулган.

Количество просмотров: 46