• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Башкы прокуратура: Исфана мэриясы 55 жаранга жер тилкелерди мыйзамсыз берген

25 Бирдин айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Исфана мэриясы тарабынан 55 жаранга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси  жеке менчикке берилип кеткен.

Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэри А.А. Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген. 

Областтык прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн. сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.  

Количество просмотров: 90