• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Башкы прокуратура «Кактус Медиа» сайтында жарыяланган маалыматка укуктук баа берет

1 Бирдин айы 2022 17:19 Бишкек Govori.TV

Чегара маселеси жөнүндөгү «Кактус Медиа» сайтында жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 27-январында сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Макалада Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасы тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

Количество просмотров: 1240