• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Тажикстан басып алуу максатында Кыргызстандын суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салды

4 Бугу 2021 3:10 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 29-апрелинде саат 04:40 ченде Баткен областынын Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою атуу жеринде, Баткен районунун жергиликтүү тургундары менен таджик тараптан башталган Таджикстан Республикасынын жарандарынын ортосунда кагылышуулар болгон. Бул тууралуу билдирүү Башкы прокуратура жарыялады.

Андан кийин, Таджикистандын аскерлери Кыргыз Республикасы менен Таджикистан Республикасынын ортосунда 2004 –жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү Келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргыз Республикасынын аймагын басып алуу максатында Кыргызстандын суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп,  себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарды, чек араны коргогон аскер,  жарандардын коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматардан, миномётордон, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышкан.  

Андан кийин, Таджикистан Республикасынын аскер кызматкерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Мин-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара посторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салышып, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан.

Таджикистандын аскер кызматкерлер тарабынан куралдуу кол салуунун кесепетинен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана жарандарынынарасынан октон жана жарылмалардан көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышып, алардын ичинен каза болгондор да болду, ошондой эле Кыргызстандын жарандык жана аскер объектилери талкаланып зыянга учурады. 

Таджикистан Республикасынын аскер кызматкерлеринин жогоругудай аракеттери Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен суверинитетине карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгенелейт. 

Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо,  эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат. 

2021-жылдын 29-апрелинде бул факты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен каталды. 

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы Кыргыз Республикасынын УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды.

Количество просмотров: 1403