• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келди

18 Кулжа 20269:38 Бишкек Govori.TV

Албания Республикасынын президенти Байрам Бегай 17-июнда, Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.

Жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конду.

Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуусу мерчемделген.

Количество просмотров: 17