• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Башкы прокуратура Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алабы?

24 Бугу 2022 17:47 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү кандай мүлктөргө ээ экендиги боюнча маалыматы талап кылган кат жолдоду. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазды.

Ага ылайык, Башкы прокуратура Роза Отунбаеванын, Исмаил Исаковдун, Бектур Асановдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Байтемир Ибраевдин, Кубатбек Байболовдун, Азимбек Бекназаровдун, Бактыбек Алымбековдун жана Алмазбек Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалымат сураган. Белгиленгендей, мындай кат мүлктү камакка алуу жана мүмкүн болгон конфискациялоо, кылмыштын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жөнөтүлгөн.

Жогорудагы маалыматты Govori.TVга Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков да тастыктады.

«Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы 20-май күнү 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн үч мүчөлөрү — Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асановго жана мага айып тагып, иштин материалдары менен тааныштырып, айып угузган. Бирок ал учурда мүлк боюнча маалымат берилген эмес. Кийинчерээк Башкы прокуратуранын мүлк тууралуу жолдогон катында менин дагы аты-жөнүм бар экенин билдим. Мындай нерсе мыйзамды одоно бузуп, өзүм билемдик. Бул буюртма иш. Оозубузду жабуу аракети болуп жатат. Буга чейин мен №39 протокол, Кемпир-Абад тууралуу айтып чыккам»,-деди ал.

Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков ага жикчилдерге көмөктөшкөн деген далили жок айып тагылганын кошумчалады.

«Тергөө «жикчил топторго көмөктөшкөн, жардам берип, колдоп турган жана Кадыржан Батыровду өлкөдөн чыгарганга шарт түзүп берген” деген сыяктуу эч бир далилдерге таянып, негизи болбогон айыптоосун коюп жатат. Биз суракта ага макул эмес экенибизди айттык. Бүгүнкү күндө Бакиевдерди актоо аракети жүрүп жатат»,-деди Исаков.

Ал эми Башкы прокуратура төмөндөгүлөргө токтолду.

«Тергөөдө кылмыш иши боюнча текшерилип жаткан кишилерди Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде өздүгү, мурда соттолгондугу, аларга катталган мүлкү жана башка жагдайлар такталууга тийиш. Ошондуктан, кылмыш иштин алкагында тергөөчүнүн ар кандай мамлекеттик органдарга берген суроо-талаптары бул мыйзамдуу көрүнүш жана ошондой суроо-талаптарды жиберуугө тергөөчү милдеттүү. Учурда июнь окуясы менен байланышкан кылмыш иши боюнча бир да кишинин мүлктөрүнө камак салынган эмес»,-деп билдиришти прокуратурадан.

Эске салсак, Июнь окуясы боюнча кылмыш ишин иликтөө 2021-жылдын апрель айында кайра башталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3286