• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Учурда Тилек Матраимовго гана кылмыш иши козголгон

16 Тогуздун айы 2020 13:36 Бишкек Govori.TV

Райымбек Матраимовдун үй бүлө мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, Тилек Матраимовго гана кылмыш иши козголгон. Ал чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети үчүн кармалган.

Белгилей кетсек, Ош облустук соту Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимовду үй камагына чыгарган.

Буга чейин Ош шаардык соту 9-октябрда Тилек Матраимовго карата баш коргоо чарасы карап, ал 1 айга камакка алынган.

Эске салсак, Тилек Матраимов мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн өзбек чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн.

Количество просмотров: 145