• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Башкы прокуратура: Өзгөндүн мэри жер тилкесин мыйзамсыз берүүгө айыпталууда

9 Жалган куран 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Өзгөн шаарынын мэри жер тилкесин мыйзамсыз берүүгө айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын текшерүүдө Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 м2 жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталган.

Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

«Тергөөнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан К.Н.Т.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген. Ал эми, райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди.»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иш сотто каралууда.

Количество просмотров: 76