• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар жаңылык эмес

12 Чын куран 2022 17:19 Бишкек Govori.TV

Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар жаңылык эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде өткөн маалымат жыйында Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

«Бул маалыматтар жаңы эмес, алар буга чейин эле катталган. Текшерүү аракеттери жүргүзүлүп, прокруратура кызматкерлеринде толук маалымат бар. Район-шаарларда текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат, 80 пайызы бүттү. Мамлекетке 49 млн сом өндүрүлдү. Бул ишти улантып, ар бир карыздын мыйзамдуулугун текшерип, юридикалык баа берип, аягына чыгабыз» , — деди ал.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фонду энергетика тармагындагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөө жарыялап, эки күмөндүү схеманы аныкташты. Электр энергиясына жалпы 35 млн. сом карызы бар деп жазылган Чүйдөгү 827 абонент боюнча документ журналисттердин колуна тийген. Алар тизмедеги даректердин 50дөн ашуунун кыдырып, текшергенде кеминде 27 даректе эч ким жашабаганы, айрымдарында турак жай жок экени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 111