• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратуранын эски имаратынын ордуна курула турчу объекттин долбоору (сүрөт)

1 Теке 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна жаңы объект курулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин баса белгиледи.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган үч долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат жети кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.

Количество просмотров: 746