• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына жетекчи дайындалды

21 Аяк оона 20219:15 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы болуп Мирбек Расулов дайындалды. Тиешелүү чечимге башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы Конституциянын негизинде прокуратура органдарына кайрадан тергөө функциялары берилген.

Расулов Башкы прокуратурада тергөөчү болуп иштөө менен Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан ишти жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Карганбек Самаков, Урмат Аманбаева, Игорь Чудиновдун иштерин карап, Аксы окуясына байланышкан тергөө иштерин жүргүзгөн тергөө тобун жетектеген.

Количество просмотров: 1259