• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокурор Зулушев Кадамжайдын тургундары менен жолугушту

6 Аяк оона 2022 12:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-сентябрда Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, эл көйгөйүнөн жеринде кабар алуу максатында башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен биргеликте Кадамжай районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, Кадамжай районун акими Кутпидин Шакиров дагы катышты.

Катышуучулар тарабынан күндөлүк турмушта орун алган социалдык көйгөйлөр, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолор көтөрүлдү. Айрыкча, миграция, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу, жаш балдарга жасалган зомбулук, «Кадамжай сурма комбинаты» ачык акционердик коому, «Айдеркен сымап комбинаты» акционердик коомунун ишмердүүлүгү, ички жолдордун абалы, күзгү талаа иштери туралуу маселелер айтылды.

Белгилей кетсек, жыйындарда айтылган ар бир арыз тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тапшырмалар берилип, алардын мыйзамдуу чечилишине көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 401