• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Жапаров Башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады

5 Кулжа 2024 9:39 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Анын айтымында, сунуш Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Максат Асаналиев учурда Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт.

Эскерте кетсек, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Количество просмотров: 49