• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде батир өрттөндү

3 Үчтүн айы 202210:25 Бишкек Govori.TV

Баткенде батирден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү 21:32де Кызыл-Кыя шаарынын Маяковская көчөсүндө турак үйдө өрт чыкты деген маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Саат 21:44тө өрт чектөөгө алынып, 21:55те толук өчүрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн бир бөлмөсү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 377