• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде дээрлик 4 млн сомдук акциздик маркасы жок тамекилер алынды

10 Тогуздун айы 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Баткенде жалпы баасы дээрлик 4 миллион сомдук акциздик маркасы жок тамекилер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Кадамжай районунун аймагында З.Б.М. аттуу жарандын башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүдө унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн акциздик маркасы жок тамеки табылган. Кармалган товарлардын жалпы саны 94 куту же 940 миң даана тамекини түзгөн.

Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган товардын орточо базар баасы 3 млн 995 миң сомду түзгөн.

Жүк КР жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо үчүн убактылуу бажы көзөмөлүнүн аймагына жеткирилген.

Факт каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Баткен облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 107