• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде УКМК өкүлүнө кылмыш иши козголду

5 Кулжа 2018 13:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренесинин негизинде иши козголду. Ал кызматкер адвокатты мыйзамсыз кармаган деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн 5-июнда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта «жергиликтүү тургун Кызыл-Кыя шаардык милициясынын тергөөчүсү адвокат аркылуу 30 миң сом талап кылып жатканын айтып арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу “пара талап кылуу” беренеси боюнча иши козголуп тергөө бөлүмүнүн башчысы ошол адвокатты камакка алдырган. Бирок, Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мыйзам боюнча адвокатка карата иш козгоо укугуна башкы прокурор же анын орун басары гана ээ» -деп айтылат.

Бул кылмыш иши боюнча Аскер прокуратурасы карайт.

Количество просмотров: 26