• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баяндама: Гүлнара Каримова 240 млн долларга кыймылсыз мүлк сатып алган

14 Жалган куран 20239:10 Бишкек Govori.TV

Freedom For Eurasia уюмунун баяндамасына ылайык, Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гүлнара Каримова ортомчу компаниялар аркылуу Лондон менен Гонконгго чейинки ар кыл шаарлардан 240 млн долларга кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

BBC News кабарчысы Энди Верити бул баяндаманын негизинде Гүлнара Каримова коррупция аркылуу келген акчага бир нече хансарай жана учактарды сатып алганын, ага британ компаниялары көмөктөшкөнүн жазды.

Лондон жана Виргин аралдарында жайгашкан эсеп фирмалары Каримовага жардам берген.

Энди Верити Каримова Британияда өтө оңой жол менен кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы “тынчсыздандыра” турганын белгилеген.

Баяндамада бул компанияларда иштегендер Каримова менен байланышта экенин билген-билбегени так айтылган эмес. Өзбекстан президентинин кызына кызмат көрсөткөндөргө карата Британияда иликтөө жүргөн эмес.

Freedom For Eurasia иликтөөчүлөрү Гүлнара Каримова камалганга чейин Британияда, Швейцарияда, Францияда, Дубайда жана Гонконгдо 14төн кем эмес кыймылсыз мүлк сатып алганын аныкташты.

Британияда эле жалпы наркы 50 млн фунт турган беш батири болгон.

Каримова 2015-жылы өз өлкөсүндө беш жылга эркинен ажыратылып, 2019-жылы колонияга которулган. 2020-жылдын мартында ал “мамлекеттик каражатты кымырып алуу, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алуу фактылары” боюнча дагы 13 жыл 4 айга кесилген.

Количество просмотров: 656