• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бейшеналиев: Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулду

4 Бирдин айы 2022 13:49 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (БНИЦТиО) директорлук кызматынан бошотту. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин тиешелүү буйрукка кол койгон.

Буйруктун аткарылышы саламаттык сактоо министринин орун басарына жүктөлсүн.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.

Ага жооп берген Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мас абалында келип, ар нерсени айтып кетиптир деген.

Количество просмотров: 551