• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

16 Баш оона 2022 20:01 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулганын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарган. 

«Тергөө ушундай тыянакка келгенин себеби, COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу менен Министрлер Кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында COVID-19 вакциналарына «Жеткиликтүү жана адилеттүү камсыз кылууга багытталган “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 454 000 (он үч миллион төрт жүз элүү төрт миң) АКШ доллары өлчөмүндө орду толтурулган.

Ошентип, Бейшеналиев А.С. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу», — деп жазат жактоочу.

Эске алсак, Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Башкы прокуратура эл аралык жардамга карабай, Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын, ага карата жалпы жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Количество просмотров: 1481