Айрым посттордо акча алып жаткан учурлар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, посттор боюнча чечим кабыл алуу керек.
«Атайын орнотулган посттор бүгүнкү күндө эмнени көзөмөлдөп жатышат? Алар коронавирусту текшерип жатышабы? Элдер аймактарга барып, келип жатышат. Көзөмөлдөө керек. Айрым посттордо акча алып жаткан учурлар болуп жатат»,-деди депутат.