• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Беларустун премьер-министри Кыргызстанга келди

4 Кулжа 202616:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнда Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды. 

Расмий сапардын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, бир катар ишканаларга баруу жана кыргыз-белорус бизнес-форумунун ачылышына катышуу пландалууда.

Количество просмотров: 154